Ишембиде эки ирет болгон жер силкинүүсүнөн ажал тапкандар саны бүгүн Бишкек убактысы боюнча күндүзгү он экиге карата түшкөн маалыматтар боюнча, кеминде 250гө жетти.
Алардан тышкары дагы 1800 киши жаракат алган. Куткаруучулар учурда аман калды делгендерди урандылардын алдынан издөө аракеттерин көрүүдө.
Курмандыктар саны алдыда дагы өсүүсү мүмкүн. Анткени Ирандан түшкөн маалыматтарга караганда, зилзаладан ондогон кыштактар катуу жабыр тарткан.
Ирандын ички иштер министринин орун Хассан Кадаминин айтымында, жалпысынан кечээги зилзала 110 кыштакты камтыган. Андан канча адам жабыр тартканы белгисиз. Кээ бир маалымат агенттиктери азыр эле жаракат алгандар 2000ден ашты деп кабарлашууда.
Тегеран университетинин сейсмологиялык борборунун кабарына караганда, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,2 баллды түзүп, очогу Тебриз шаарынан алтымыш чакырым аралыкта орун алган.
АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, Ирандын аймагындагы бул жолку жер силкинүүнүн алгачкысынын күчү 6,3, андан кийинкиси 6,4 баллга жеткен.
Ишембидеги зилзаладан улам 1,5 миллион калк жашаган Табриз шаарынын тургундары арасында дүрбөлөңгө түшкөндөр болгон.
Жер силкинүүнүн күчү коңшу Армениянын борборунда да сезилип, Ереванда айрымдар үйлөрүнөн көчөлөргө чуркап чыгышкан.
Армян бийликтери баштапкы маалыматтар боюнча, зилзаладан олуттуу зыян болбогонун билдиришти. Ирандагы зилзаланын күчү Азербайжанда да сезилген. (UE)