Акыркы оюндар бүткөндөн кийин Лондон убактысы боюнча саат 21:00дө, Бишкек боюнча түнкү саат 2де жабылыш аземи башталат. Бул шаӊдуу аземде бир топ ырчылардан тышкары британдык Эд Ширан америкалык Pink Floyd рок тобу жана Spice Girls тобу чыгуусу күтүүлүдө. Жайкы отузунчу олимпиадалык оюндар ошону менен бүтүп, кийинкиси 2016-жылы болот. Ал эми келерки 2014-жылда Орусиянын Сочи шаарында Кышкы Олимпиадалык оюндар өтөт.
Оюндардын расмий сайтынын маалыматына ылайык, АКШнын медалдарынын жалпы саны 102 болсо, анын 44ү алтын. Кытай 87 медал алып, анын 38и алтын. Үчүнчү орунда оюндун кожоюну - Улуу Британия турат, төртүнчүдө 21 алтын медалы менен Орусия. Бешинчи жана алтынчыда болсо – Түштүк Корея менен Германия.
Борбор Азия өлкөлөрүн айта кетсек, Украина менен Нидерландынын жанында 13-орунда Казакстан турат. Казактсандын 10 медалынын алтоо алтын, төртөө коло. Өзбекстан 1 алтын жана үч коло медалы менен 47-орунда. Тажикстан акыркы 78-орунда бир коло медалы менен. Түркмөнстандын спортчулары мекенине медалсыз кайтты, ал эми Кыргызстандын куржуну азырынча бош.