Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы кабарлагандай, “Ата Мекен” фракциясынын отуруму саат 11де башталып, өкмөткө ишеним көрсөтпөө талкууланат. Баяндамачы – фракциянын депутаты Жоомарт Сапарбаев. Сапарбаев буга чейин “Азаттыкка” фракциянын негизги максаты өкмөттү кетирүү экенин айткан. Анын айтымында, өкмөт өзүнүн программаларын ишке ашырбай, бюджетти дефицитке алып келип, коррупцияга каршы жардам көрсөтпөй, реформалардын натыйжалары көрүнбөй жатканын айткан. “Ата Мекенден” тышкары өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча “Ар намыс” фракциясынын жыйыны дүйшөмбүдө саат 15:00дө башталат. Башка фракциялардын жыйындары тууралуу азырынча маалымат жок. (ТТо)