Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

ЖКнын айрым фракциялары өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү карайт


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары кезексиз жыйындарын өткөрүп, анда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин талкууга алат. “Ата Мекенден” депутат Жоомарт Сапарбаев бул маселени көтөрүүгө өкмөттүн экономикадагы, коррупция менен күрөш жана реформалар багытындагы чабал аракети себеп болгонун “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн кечке жуук КСДПнын саясий кеңеши да жыйынга чогуларын фракция лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” кабарлады. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Султан Каназаров азыр өкмөттү кетирүүгө негиз жоктугун белгилеп келет. Буга чейин өкмөттүн кетишин колдоп 45 депутат кол койгону маалымдалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG