Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Лондондо ХХХ жайкы Олимпиа оюндары соңуна чыкты


Британ баш калаасындагы олимпиаданын жабылуу аземинде 80 миңдей көрүүчү 10 миңден ашуун спортчулар, таанымал ырчылар катышкан “Британ музыкасынын симфониясы” деген музыкалык оюн-зоокко күбө болду. Олимпиадалык стадионго мелдештер өткөн 16 күн ичинде миллиондон ашуун киши келген.

Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге Лондондогу оюндарда атлетчилер жараткан ийгиликтер менен аны уюштуруудагы британдыктардын эмгегин жогору баалады. Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон болсо оюндарды өткөрүүдө жигердүү кызмат кылган ыктыярчыларга, британ коопсуздук күчтөрүнө ыраазычылык билдирди.

Мелдештерде дүйнөлүк 44 жана олимпиадалык 117 рекорд жаңыртылды. 300дөн ашуун медалдардын комплекти тапшырылды. Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Жак Рогге олимпиаданын туусун 2016-жылы дүйнөлүк оюндарды тосо турган Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарынан мэрине тапшырды.

XS
SM
MD
LG