Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Ысык-Көлдө мал уурдоо көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, быйыл жети айда 85 факт катталды, былтыр ушул маалда 75 факт болгон. Мал уурдоого байланыштуу материалдык чыгым да көбөйдү. Быйыл чыгым 4 млн. 527 миң сомду түзсө, былтыры 2 млн. 456 миң болгон. Усубакунов облустук милиция быйыл 2 миллион 695 миң сомдук материалдык чыгым өндүрүлгөнүн билдирди. Жети айдын ичинде мал уурдады деген шек менен 41 адамдан турган 15 кылмыш топ кармалып, алар 38 мал уурдоо ишине катышкандыгы тастыкталган.

Мал уурдоо фактысы боюнча Түп району биринчи орунда турат. Райондо жыл башынан бери 32 мал уурдоо фактысы катталды. Буга райондун Казакстан менен чектешип турганы себеп. (MK)

XS
SM
MD
LG