Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Жыл башынан бери 44 айылда кутурма оорусу катталды


Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун бөлүм башчысы Кубан Бектурдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алардын дээрлик көбү, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында орун алды.

Ноокатта 4 жашар бала кутурмадан чарчап калды. Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Абшыр-Сай жайлоосунда 13-июлда баланы кошунасынын ити каап алган. Апасы эртеси Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып барып, бетин тиктирип, бирок ит тиштеп алганы тууралуу айткан эмес. Баланын оорусу күчөп, 7-августка кайра ооруканага кайрылган, бирок илдети өтүшүп кеткендиктен чарчап калган.

Кутурган ит капкан дагы бир 9 жашар бала учурда ооруканада жатат. Оору жугушу мумкүн деген 4 адам эмделди. (EBM)

XS
SM
MD
LG