Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Иранда жер титирөөнүн курмандыктары такталды


Ирандын саламаттыкты сактоо министри Марзие Вахид Дастджерди парламентте жер титирөөдөн 306 киши мерт болуп, үч миңден ашуун киши жарадар болгонун кабарлады. Ал арада ички иштер министри Мохаммад Найджар издөө-куткаруу иштери жыйынтыкталганын билдирди. Эми үй-жайсыз калган 16 миңге чукул кишини таза суу жана баш калкалоочу жай менен камсыз кылуу иштерине көңүл бурулат. Найджардын айтымында, жер титиреген аймактагы 600 айылдын жарымынан көбү урап калды.

Аймактардагы ооруканалар жарат алгандарга толуп, дарыгерлер жетише албай жатканы айтылууда. Иранда эки күнгө аза күтүү жарыяланып, 13-14-август күндөрү эл ишембиде өлкөнүн түндүк-батышында болгон зилзаланын курмандыктарын эскерет.

Ал күнү зилзаланын күчү 6,4 балл болсо, 11 мүнөттөн кийин 6,3 баллдык силкинүү кайра кайталанган.

XS
SM
MD
LG