Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Алтын кошулмаларын ташуу боюнча териштирүү башталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусунун Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Калыбердиев билдирди. Анын айтымында, алтын кошулмалар казылып алынган жерине кайра жеткирилип төктүрүлдү. Учурда атайын кызмат менен бирге алтын кошулмалар мыйзамдуу, же мыйзамсыз ташылып баратканынын аныктоо үчүн териштирүү башталды.

Буга чейин аталган райондо Чак деген жерден алтын кошулмаларды ташып бараткан жүк ташуучу үч чоң унаа кармалганы маалымдалган. Дароот-Коргон айылынын тургуну Санабар Сайпидинова окуя 11-августта, түнкү саат экилерде болгонун, жергиликтүү тургундар шектүү тогуз унааны акмалап, алардын үчөөнү тутуп алганын, калганы качып кеткенин, унаалар милиция бөлүмүнүн короосуна киргизилгенин “Азаттыкка” билдирген.

Алтын кошулмаларды ташып бараткан унаалар кен чалгындап жүргөн кытайлык “Кайди” компаниясына тиешелүү экени айтылууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG