Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

“Ар-намыс” өкмөт башчынын ишине нааразы


Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясы ушу тушта өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин талкуулап жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ага тогуз депутат катышууда. Келе албай калгандары ишеним кат таштап кеткен.

Аталган фракция премьер-министр Өмүрбек Бабановду “убадаларын аткарбай, популизм менен гана алектенип жатат, эл аралык сапарларынын майнап чыкпай, маанилүү документтерге кол коюлган жок”, деп айыптоодо.

Бүгүн түштөн мурда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин “Ата Мекен” фракциясы талкуулаган. Анда Бабанов түрк компаниясынан баасы 500 миңден 1 миллион 300 миң долларга чейин турган асыл тукум аргымакты пара катары алганын айтылган. Бул ишти териштирүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиевге тапшырылды.

Кечке жуук Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши да ушул маселе боюнча жабык талкуу өткөрмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG