Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

SOCAR Кыргызстанда мунай иштеткен завод куруудан баш тарткан жок


Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сапар Асанов “Азаттыктагы” маегинде Азербайжандагы SOCAR компаниясы Кыргызстанда кара май иштеткен завод куруудан баш тартты деген маалыматты төгүндөдү. Анын маалымдашынча, аталган компаниянын жетекчилери менен 10-августта Бакыда жолугушуу өткөн. Анда мурда айтылган бир жылда 2 миллион тонна эмес, андан көбүрөөк күйүүчү май чыгарган завод куруу ниети билдирилген. Ошондо экономикалык жактан өзүн актай турганын айтылган. "SOCAR учурда чийки кара май алуу боюнча Казакстан менен сүйлөшкөнү жатат", - дейт Асанов.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында азербайжандык компания кара май иштеткен завод куруудан баш тартып жатканын жазып чыккан.

Баасы 250 миллион долларлык завод куруу тууралуу кыргыз-азербайжан президенттери жазында Бакы шаарында макулдашкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG