Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Ооганстандын түндүгүндө беш киши өлтүрүлдү


Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясында райондук администрациянын башчысы Абдул Азиз, Жогорку тынчтык кеңешинин мүчөсү Хаджи Хашим жана үч киши набыт болду. Алардын машинеси Талукан шаарына бара жаткан жолдо минага жарылды. Жергиликтүү бийлик теракт үчүн жоопкерчиликти талибандарга жүктөп жатышат. Бүгүн эле Тахарда жергиликтүү полиция башчысы жана башка дагы администрация мүчөлөрү бара жаткан автокербенге кол салуу болду. Атышуулардан кийин кол салгандар качып жок болушту.

Чиновниктер арасында жабыркагандар болгон жок. Ооган өкмөтү талибдер менен сүйлөшүүнү жолго коюу үчүн Жогорку тынчтык кеңешин түзгөн болчу. Өткөн жылдын сентябрь айында аталган кеңештин башчысы жана Ооганстандын мурунку президенти Бурхануддин Раббани теракттан улам мерт болгон. Теракты өзүн талибдердин элчисимин деп тааныштырган адам жасаган эле.

XS
SM
MD
LG