Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Кыргызстан “Центеррадагы” үлүшүн колуна алды


Кыргызстан Кумтөрдү иштеткен “Центерра Голд Инк” компаниясындагы 33 пайыздык үлүшүн тастыктоочу сертификаттарды өз колуна алды. “Кыргызалтын” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Амангелди Муралиев сертификаттарды буга чейин сактап келген Blake, Cassels&Graydon LLP компаниясы менен келишимге кол коюлганын, Канададан жалпы 74 миллион 551 миң 766 сертификатты алып келгенин “Азаттыкка” билдирди.

- Сертификаттар өзүнүн эрежеси менен сакталат. Бул баалуу кагаздар расмий документ болуп саналат. Ошондуктан алар кайсы жерде сакталышы керек экенин өкмөт өзү чечет. Баары мыйзам ченемдүү болду. Эми эл аралык финансылык стандартка ээ болдук десек болот.

“Центеррадагы” Кыргызстандагы үлүшүнө мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасы ээлик кылат. Акциялар 2004-2009-жылдар аралыгында CIBC Melon компаниясынын атайын депозиттик эсебинде сакталып келген. Андан соң юридикалык Blake, Cassels&Graydon LLP компаниясына сактоо үчүн берилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG