Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Костанайда радикалдуу топтун мүчөлөрү соттолду


Казакстандын Костанай облустук сотунун маалымат катчысы Гүлзада Рашкалиеванын билдиришинче, кылмыш тобунун уюштуруучусу Октябрь Ходжаев уюшкан кылмыштуу топту түзүп, аны башкаргандыгы жана көз боёмочулук менен мамлекеттик чек араны атайын мыйзамсыз бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал катуу режимдеги колонияга алты жылга кесилди. Рашкалиеванын маалыматында, аталган топ салафизм агымын карманып жүргөндөр болуп саналат. Алар бирөөнүн мүлкүн уурдап, жасалма документтерди даярдап, казак жарандарын Ооган-Пакистан аймактарында согушчандардын арасына жөнөтүү менен алектенип жүрүшкөн.

Бир туугандар Алмаз жана Алмат Абдрахмановдор беш жылга, Оразбек Дощанов төрт жылга “көз боёмочулук” беренеси боюнча кесилди. Сот залында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү деп айыпталып жаткан Адилхан Алимберды, Арзидин Мурадилов, Халмурад Мухпуловдорго мунапыс берилип бошотулду.

XS
SM
MD
LG