Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Кыргызстанга Орусиянын энергетиктери келет


Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын энергетика тармагын тейлеген өкмөт мүчөлөрү, энергетикалык компаниялардын жетекчилери келет. Президент аппаратынан “Азаттыкка” билдиришкендей, эки өкмөттүн өкүлдөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадын куруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Айрым маалымат каражаттары орус делегациясын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов жана Энергетика министри Александр Новак жетектеп келиши мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы энергетикалык долбоорлор көптөн бери талкууланып, мунаса табыла элек. Орус тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн орус инвесторлорунун үлүшүн 75 пайызга көтөрүүнү талап кылган. Буга кыргыз тарап буга көнбөй келет. (KKs)
XS
SM
MD
LG