Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Көлдө дары чөп айдаган дыйкандар көбөйүүдө


Ысык-Көл облусунда быйыл 300дөй дыйкан мышык тамыры (валериан) деген дары чөп айдады. “Агролид” коомдук бирикмесинен “Азаттыкка” билдиришкендей, бул Эл аралык кызматташуу боюнча немис коомчулугунун жана голландиялык уюмдун долбоору аркылуу ишке ашууда.

Быйыл дары чөп 13 айылда 8 гектар жерге айдалган. Күзүндө 15 тоннадай мышык тамыры алынганы жатат. Чөп Германияга сатылмакчы. Учурда жергиликтүү дыйкандар дары чөптү айдап себүү, курагытып даярдоо жол-жоболорун окуп үйрөнүүдө.

Мышык тамыры Ысык-Көлдө Советтер Союзунун тушунда айдалчу. Үрөн даярдоо, чөптү жууп кургатуу боюнча атайын чарбалар бар эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG