Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:01

КСДП өкмөт боюнча чечимин расмий айта элек


КСДП өкмөт боюнча чечимин фракция жыйынынан кийин расмий түрдө жарыялаарын Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал партиянын саясий кеңеши кечээки жыйында өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдоду деген маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Турсунбеков ушул айдын 20сынан кийин фракция кезексиз жыйынга чогулуп, ошондон соң гана өкмөт боюнча чечим расмий жарыяланарын билдирди.

Айрым маалымат каражаттары КСДПнын өкүлдөрүнө шилтеме кылып, партиянын саясий кеңеши кечээ кечиндеги жабык жыйында өкмөттү кетирүү демилгесин колдогонун жазып чыгышты.

Кечээ өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары колдогон болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG