Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Швейцарияда 4 өзбек жаран камакка алынды


Швейцариянын прокуратурасы Женевада эки өзбекстандык жаран Шохрух Собиров жана Алишер Эргашев камакка алынганын тастыктады. Алар швейцариялык органдар иликтеп жаткан арам акчаны адалдоо боюнча иштин чегинде камакка алынды.

“Узметроном” көз карандысыз маалымат агенттиги 4-августа аталган эки жаран Женевадагы Lombard Odier банкында камалганын жазып чыккан.

“Азаттыктын” өзбек кызматы бул эки жарандан башка дагы эки өзбекстандык ушул эле кылмыш иши боюнча камалганын билдирет. Дагы башка маалыматтарда бул ишке президенттин кызы Гүлнара Каримованын тишеси болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG