Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Сирия Ислам кызматташтыгы уюмундагы макамын жоготуусу мүмкүн


Ислам кызматташтыгы уюмунун мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин дүйшөмбүдөгү жыйынында Сириянын бул уюмга мүчөлүгүн токтотуу сунушталды.

Бул тууралуу журналисттерге Сауд Аравиянын Жидде шаарында Ислам кызматташыгы уюмунун баш катчысы Экмеледдин Ихсаноглу билдирди.

Бүгүн 57 өлкө мүчө болгон аталган уюмдун саммити башталат. Андагы талкууланчу башкы маселелрдин бири – Сириядагы кырдаал болмокчу.

Ислам кызматташтыгы уюмуна Сириянын мүчөлүгү тууралуу маселе президент Башар-ал-Асаддын режимин жактаган Тегеран менен сириялык оппозицияны активдүү колдогон Эр-Рияддын ортосунда чыңалуунун жаратууда.

XS
SM
MD
LG