Пакистан Ооганстан менен чектеш аймактарда жашырынып жүргөн талиптерге каршы аскерий операцияларды баштоого даярдык көрүп жатканын АКШнын коргоо министри Леон Панетта Ассошиэйтед пресс агенттигине билдирди.
Министрдин айтымында, аскерий опреациялар “ал-Каида” менен тыгыз байланыштагы “Хаккани” тобунун согушкерлерине каршы багытталат.
Пакистандын аскер курамынын жетекчиси генерал Афшак Парвез Кайани алдыдагы операция тууралуу Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн жетекчиси генерал Жон Аллен менен макулдашканын дагы америкалык министр кошумчалады.