Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Чыңгыз Матиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган партиянын саясий кеңеши кечээки жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү талкуулап бир добуштан колдоду. Алар өкмөттүн экономикалык көрсөткүчтөрү түшүп кеткенине байланыштуу ушундай чечим кабыл алды.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков өкмөт боюнча чечим фракция жыйынынан кийин расмий түрдө жарыялаарын “Азаттыкка” билдирген. Фракция кийинки жумада кезексиз жыйынга чогулганы жатат. (EBM)