Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Ош шаар бийлиги таза сууну үнөмдөөгө чакырууда


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов калаадагы жер үйлөрдө жашаган тургундарды таза сууну үнөмдөөгө чакырды. Мындай пикирин ал бүгүн тазалык боюнча жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгын чыгаруу аземинде айтты.

«Жайкы аптаптан улам жер үйлөрдө жашагандар сууну ашыкча пайдаланып жаткандыктан, кабаттуу үйлөргө суу чыкпай калууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык жарандардан таза сууну ашыкча пайдалануусун токтотууну суранам»,- деди шаар башчысы.

Бул чакырыкты элге жайылтуу максатында үч күндүн ичинде эскертме баракчалар даярдалып, Суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан үймө-үй жүрүп таркатылмай болду. Андан сырткары, эки күндүн ичинде таза сууну ысырап кылбоого үндөгөн видеороликтер даярдалып, жергиликтүү телеканалардан көрсөтүлмөкчү. (SE)

XS
SM
MD
LG