Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:25

Казакстанда 8 кишинин сөөгү табылды


Алмата калаасындагы Иле-Алатау улуттук паркында бычакталып өлтүрүлгөн 8 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министри Калмуханбет Касымов билдиргенин “Интерфакс” агенттиги жазып чыкты. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Министрдин божомолунда, массалык киши өлтүрүүнүн себеби өз ара чыр-чатактан болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG