Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Бабанов: Аргымакты пара катары алган эмесмин


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн өкмөттүн жыйында өзүнө коюлган бир катар дооматтарды четке какты. Өкмөт башчы аргымакты өз акчасына сатып алганын, “Ата Мекен” фракциясынын айыптары негизсиз экенин билдирди. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевден апрель окуяларынан кийин минип жүргөн кымбат баалуу унаалары жана жанындагы жан сакчыларга каяктан кантип акча төлөп берип жатканы тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Аталган фракция өкмөт Каныбек Мисировду “Кыргызнефтегаз” ишканасынынан жетекчилигине дайындабай койгондон кийин ушундай кадамдарга барып жатат деп айыптады. Бабанов Британияга үй-бүлөсү менен өз акчасына барып келгенин, ал жакта жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар болгонун кошумчалады.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы кечээ кезексиз жыйынга чогулуп өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү талкуулаган. Анда Бабанов баасы 1 миллион долларлык аргымакты пара катары алганы айтылып, муну териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына тапшырган. (EBM)

XS
SM
MD
LG