Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

“Республиканын" саясий кеңеши Текебаевди айыптап чыкты


Бүгүн “Республика” партиясынын саясий кеңеши соңку саясий окуялардан улам билдирүү таратты. Анда өткөн жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин парламентте Социал-демократтар, “Ата Мекен”, “Республика” жана “Ар-намыс” фракцияларынан турган “Биримдик” коалициясы түзүлгөнү, өлкөдө коомдук-саясий кырдаал турукташа баштагын айтылат. Парламенттик демократиянын шартында келип чыккан маселелер, түзүлгөн кырдаалдар коалициянын ичинде талкууланары, бирок айрым депутаттар ыплас саясий оюн жүргүзүп жатканы белгиленген. Саясий кеңеш “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалицияны ыдыратып жатат деп айыптап жатат.

Кечээ КСДПнын саясий кеңеши чукул жыйын куруп, өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдогон эле. Анын алдында "Ата Мекен" менен "Ар-намыс" фракциялары да өкмөттү мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечимин кабыл алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG