Казакстан Кыргызстанга кошумча 100 миллион куб метр газ берет. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Бейбит Исабаев кечээ Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Элчи кошумча көлөмдүн баасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Маалыматка ылайык, казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-августтун кечинде Бишкекке мамлекеттик сапар менен келет. Кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда Бажы биримдиги, Камбар-Ата ГЭСтеринин жана Нарын каскадындагы суу объектеринин курулушу, эки тараптуу инвестициялык кор түзүү өңдүү маселелер талкууланат.(KKs)