Орозо айттын анык убактысы Рамазан айынын бүткөнүн көрсөткөн айдын абалына карата бир күнгө өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов билдирди.
- Муфтийдин айтуусу боюнча, Орозо айт календарда 19-августка коюлган. Эгер Рамазан айы 29 күн менен аяктап калса, бир күнгө датасы алмашышы мүмкүн. Ошондуктан Орозо айтка бир-эки күн калганда айдын абалын Түркия, Орусиядагы ири обсерваториялар аныктайт. Ал жактагы мусулмандардын жетекчилери менен кеңешип, бир-эки күн калганда так убактысы айтылат, - деди Эсен Өмүракунов.
Муфтияттын басма сөз кызматы Орозо айттын убактысы былтыркыдай чукул жарыяланбайт деп ишендирди. Түндө Кадыр түн белгиленди. (KKs)