Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

“Республика” фракциясы жыйынга чогулат


Бүгүн “Республика” фракциясынын депутаттары чогулуп, өкмөттүн айланасындагы соңку маселелерди талкууга алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракциянын төрага орун басары, депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Республикачылар жыйындын соңунда өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу соңку демилгелер боюнча бирдиктүү позициясын жарыялайт.

Кечээ Өмүрбек Бабановдун лидерлиги астындагы “Республика” партиясынын саясий кеңеши “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди коалицияны ыдыратып жатат деп доомат арткан. Эки күн мурда "Ата Мекен" менен "Ар-намыс" фракциялары премьер-министр Өмүрбек Бабановду коррупция боюнча айыптап, өкмөттү мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечимин кабыл алган. КСДПнын саясий кеңеши да өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдогон болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG