Август айынын соңунда Флорида штатында өтө турган съездде республикачылар партиясынын “чыгаан жылдызы” саналган сенатор Марко Рубио Мит Ромнини АКШнын президенттигине талапкер деп расмий жарыялайт. Рубио ошондой эле шайлоодо Флорида штатындагы испан тилдүү шайлоочулардын добушун алып берүүгө беделдүү деп эсептелет.
Съездде Нью-Жерси штатынын губернатору, таасирдүү республикачы Крис Кристи саясий баяндама менен чыгып сүйлөйт.
Буга чейин Митт Ромни вице-президентке конгрессмен Пол Райандын талапкерлигин атаган.
Демократтар болсо президент Барак Обаманы сентябрдын башына белгиленген съездде экинчи мөөнөткө алып чыгат. АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрь айында өтөт.