Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Сирия бийлиги качкындар маселесин чечүүдө БУУнун жардамын каалабайт


Расмий Дамаск өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарда үй-жайын таштап чыгып кеткен качкындар маселеси - Улуттур Уюму баш болгон эл аралык уюмдардын эмес Сириянын ички иши деп санайт.

Өлкөнүн эл аралык элдешүү иштери боюнча министри Али Хайдардын мындай сөзүн САНА агенттиги маалымдады. Шейшембиде Дамаскта Улуттар Уюмунун гуманитардык операциялар боюнча мекемесинин башчысы Валери Амос Сириянын бийликтери менен өлкөдөгү гуманитардык абалды талкуулады.

Ушул эле күнү жакында эле Иорданияга качып кеткен Сириянын экс-премьер-министри Рияд Хиджаб президент Башардын режими өлкөнүн 30 гана процентине бийлик жүргүзүп калганын, эми анын кулаарын билдирди.

АКШнын коргоо министри Леон Панетта Иран сириялык режимге козголоңчуларга каршы куралдуу топторду түзүүгө көмөктөшүп жатканын Вашингтондо айтты.

Ислам кызматташтыгы уюму Сауд Аравияда өтүп жаткан саммитинде Сириядагы кырдаалды талкуулайт.

XS
SM
MD
LG