Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Эквадор президенти Ассанжга саясий башпаанек берилбегендигин билдирет


Түштүк Америкадагы Эквадор мамлекетинин президенти Рафаэл Корреа анын өлкөсү чуулгандуу WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга башпаанек бербегендигин твиттер аркылуу билдирди.

Буга чейин британиялык Guardian гезити Эквадордун расмий өкүлүнүн айтканына таянып Эквадор Ассанжга саясий башпаанек бергенин кабарлаган.

Ассанж Эквадор бийликтеринен башпаанек сурап июнь айында кайрылган, андан бери Лондондогу бул бул өлкөнүн элчилигинде отурат.

Швеция Жулиан Ассанжга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген негизде айып таккан. Ассанж өзү мындай айыптоону саясий негизде деп, Швецияга баруудан баш тарткан. Британ соту болсо аны шведдерге өткөрүп берүүгө чечим чыгарган.

WikiLeaks интернет сайты бир катар өлкөлөрдүн дипломаттарынын жашыруун документтерин уурдап алып, жалпыга жарыялаганы менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG