Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Өзбекстан каршы болгон жолдун курулушу аяктап калды


Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү Пүлгөн-Баткен автожолунун курулушу аягына чыгып калды. Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаевдин «Азатыкка» билдиришинче, жол сентябрь айында пайдаланууга берилет. Азыр жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Буга чейин Өзбекстан Пүлгөн-Баткен жолунун курулушуна нааразы болуп, жол курулуп жаткан айрым аймактар али тактала электигин, ал жакта өзбек тараптын газ сактоочу корлору бар экенин билдирген. Статс-катчы Кубанычбек Мамаев жол курууда эч кандай эл аралык нормалар бузулбаганын, автожол тактала элек аймактарга тиешеси жоктугун белгиледи.

Пүлгөн-Баткен автожолу Ош-Баткен-Исфана жолунун биринчи фазасы болуп эсептелет. Анын узундугу 107 чакырым. Азыр Баткенден Исфанага кетүүчү жолдуу куруу үчүн донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. (ZКo/KKs)

XS
SM
MD
LG