Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Нариман Түлеев үй камагына чыгарылды


Бүгүн Жогорку Сот Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү жабык карап, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын адвокаты кабарлады.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталып жатат.

Буга чейин коррупция боюнча камакка алынган мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров да үй камагына чыгарылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG