Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

“Республика” айрым "атамекенчилерге" кылмыш иш козгоону талап кылууда


“Республика” фракциясы ушу тушта кезексиз жыйынга чогулуп, соңку саясий кырдаалды талкуулап жатат. Анда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбеков апрель окуяларынын кийин мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык деген үй-мүлктөрдү тоноону уюштурган деп айыпталды. Кабарчыбыз Заирбек Бактыбаевдин билдиришинче, буга байланыштуу Бишкектеги №1 абакта отурган Абдулла Юсупов деген жарандын окуя кандай болгонун айтып берген видеосу көрсөтүлдү. “Республикачылар” Башкы прокуратурадан бул депутаттарга каршы кылмыш иш козголушун талап кылууда.

“Республика” менен “Ата Мекен” өкмөттүн айынан араздашып жатат. Буга чейин “Ата Мекен” фракциясы премьер-министр Өмүрбек Бабановго коррупция боюнча доомат коюп, өкмөттү мөөнөтүнөн мурда кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан. Демилгени “Ар-намыс” фракциясы менен Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши колдогон. (EBM)

XS
SM
MD
LG