Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

BBC башчысы эми New York Times гезитин жетектейт


Би-Би-Си корпорациясынын жетекчиси Марк Томпсон башкы директорлук кызматтан кеткенден кийин New York Times гезитине жетекчи болуп бармай болду. New York Times гезити кабарлагандай, Томпсон бир эле убакта басылманын президенти жана аткаруучу директору болуп иштейт. Ал ноябрь айынан ишке киришээри күтүлдүүдө.

Басылманын менеджерлери Марк Томпсондун жаңы медиа-технология жаатындагы тажрыйбасына ишеним артышууда. New York Times гезити соңку жылдары электрондук версиясына өзгөчө басым жасоодо. Азырынча Томпсондун жаңы кызматында канча айлык алаары белгисиз, бирок ал Би-Би-Сини башкарып турган кезде жылдык маянасы 670 миң фунт (1 млн. доллардан ашуун) болчу.

XS
SM
MD
LG