Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

«Ата Мекен» кайрадан кезексиз жыйын өткөрөт

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы өкмөттүн маселеси боюнча бүгүн да кезексиз жыйынга чогулат. Депутат Асия Сасыкбаеванын «Азаттыкка» билдиришинче, бүгүнкү жыйында өкмөттүн тоо-кен жана социалдык тармактардагы иши талкууга алынат.

- Негизи биз өкмөттү кетиребиз деп демилге көтөрбөдүк беле. Ошону фактылар менен далилдеп берели деп жатабыз. Эмнелер, эмне үчүн ишке ашпай жатат деген суроолорду бериш керек болуп жатат, - деди Асия Сасыкбаева.

«Ата Мекен» жана «Ар-намыс» фракциялары дүйшөмбү күнкү кезексиз жыйындарында өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин колдогон. Кечээ «Республика» фрациясынын депуаттары жыйынга чогулуп, өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго коюлуп жаткан дооматтарды негизсиз деп сыпаттаган. (KKs)
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG