Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:18

АКШ: өтө тез учкан пилотсуз аппарат сыноодо кыйрап калды


Үндүн ылдамдыгынан тез учууга жөндөмдүү учак техникалык сыноодон өптөй калганын Пентагон мойнуна алды. Үндүн ылдамдыгынан 6 эсе тез учат деп куралган учкучсуз аппарат абага чыккандан 16 секунддан кийин Тынч океанына кулап түштү.  Учактын стабилизатору кыйрап калганын америкалык аскер аба күчтөрүнүн инженерлери билдирет. 

2010-жылы ылдамдыгы үндүн ылдамдыгынан 5 эсе жогору болгон пилотсуз аппарат 3 мүнөткө чейин учкан. Андан кийинки эки сыноо майнапсыз соңуна чыкты.

Эгер X-51A WaveRider (пилотсуз учак) долбоору ийгиликтүү ишке ашса, анда Нью-Йорк  менен Лондондун ортосундагы аралыкты болжол менен 1 саатта басып өтөт.

 

XS
SM
MD
LG