Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Акыйкатчынын өкүлү Ошто убактылуу камалгандар менен жолукту


Акыйкатчынын Оштогу расмий өкүлдөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгында убактылуу камакта жаткандар менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Абак кызматкерлерине доосу жок экенин, кыйноо учурлары болбогонун абактагылар айтып беришкен. Бирок камактагы бир адамдын баш коргоо чарасы дагы эле аныктала элеги, бирөө медициналык жардамга муктаж болуп жатканы аныкталды.

Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында жалпысынан 50 адамга эсептелген 11 камера бар. Учурда ал жерде 9 адам жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG