Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Түлеев абактан бошотулган жок, ага жаңы айып тагылды


Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты, бир жарым ай мурда камакка алынган Нариман Түлеевге жаңы айып тагылды. Эми аны Баш прокуратура Бишкектин мэри кезинде таштанды ташып кетүүчү унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыптап чыкты. Ошол себептен кечээ Жогорку Соттун чечими боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан үй камагына чыга турган Түлеев үйүнө бошотулган жок.

УКМКнын маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Түлеев азыр бул мекеменин тергөө абагында жатат.

Буга чейин да Түлеевге мэр кезинде коррупциялык иштерге барган, Кытайдан автобус ташып келүүдө акча жеген деген айып тагылган. (RK)

XS
SM
MD
LG