Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

Аба ырайы: 17-августта жаан жаабайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 17-августта Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37 градус ысык болот; Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35 градус; Баткен аймагында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градуска чейин ысыйт; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…16, күндүз 21…28 градустун тегерегинде ысып, аймактарга жараша өзгөрүп турат. Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 35…37 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 15-августта күндүз 22, ал эми 16-августта эртең менен 21 градус жылуу болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG