Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:32

Баратов: Түлеевди чыгарбоо амалы жүрүп жатат


Нариман Түлеевдин адвокаттарынын бири Султан Баратов Башкы прокутуранын жаңы айыбын депутатты абактан чыгарбоо үчүн жасалган аракет деп “Азатыкка” сыпаттады. Анын айтымында, Түлеев баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндөн кийин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан чыгарылышы керек эле.

Кечээ Жогорку Сот Түлеевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Бирок УКМК депутатты коё бере элек. Бүгүн Башкы прокуратура Түлеевге жаңы айып тагып, Бишкектин мэри кезинде таштанды ташып кетүүчү унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп билдирип чыкты. (KKs)

XS
SM
MD
LG