Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Орус базалары Кыргызстанда дагы 15 жылга калат


Орусиянын Кыргызстандагы үч обьектиси азыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дагы 15 жылга калат. Мындай чечим Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов жетектеген делегация менен кыргыз тараптын 14-15-августтагы сүйлөшүүсүндө кабыл алынганын президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков «Азаттыкка» билдирди. Бул объекттердин ичинде Канттагы аба базаcы да бар. Буга чейин базанын коммуналдык кызматтарын кыргыз тарап төлөп келсе, эми төлөмдөрдү Орусия бермей болду.

Мындан тышкары Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадынын акциялары Кыргызстан менен Орусияга 50 пайыздан бөлүндү. Орус тарап совет доорунан калган 190 миллион доллар карызды кече турган болду. Ал эми 300 миллион доллар карыздын үстөгү жоюлуп, жаңы келишим түзүлгөндөн кийин жоюлмакчы. Орусия кандай шартта карызды кечээри түшүндүрүлгөн жок.

Кыргызстанда Орусиянын төрт объекти жайгашкан. Алар: Канттагы аскер-аба базасы, Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмология борбору. (AiT/KKs)

XS
SM
MD
LG