Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Губернаторлор өкмөт өкүлдөрү болуп дайындалды


Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен беш облустун губернаторлору кызматынан бошотулуп, өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кайрадан дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Койсун Курманалиева өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү, Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы, Канатбек Муратбеков Нарындагы, Мирбек Асанакулов Ысык-Көлдөгү, Жеңиш Разаков Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп калды. Чүй жана Жалал-Абад облустарынын губернарторлоруна карата эч кандай буйрук чыга элек. Буга чейин өкмөт губернатор институтун жоюу чечимин кабыл алган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG