Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Москвада вьетнамдар иштеген жашыруун цех табылды


Москва облусунун Ивантеевка поселогунда 1200дөй вьетнам иштеген жашыруун цех табылды. Орусиянын Экономикалык кылмыштуулук боюнча башкы башкармалыгынын билдиришинче, алты кабаттуу имаратта жайгашкан цех күнү-түнү видеокамеранын жана күзөтчүлөрдүн көзөмөлү астында болгон. Ал жерде Louis Vuitton, Emporio Armani, Lacoste сыяктуу атактуу дүйнөлүк фирмалардын жалгама кийимдери тигилген. Ишкананын жабдуулары, фирмалардын аттары окшош, бирок натуура жазылган этикеткалар, бухгалтердик документтер камакка алынып, кылмыш иши козголгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG