Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Блейктин Өзбекстандагы сапары уланууда


АКШ Мамкатчысынын орун басары Роберт Блейк Ташкенде президент Ислам Каримов менен бүгүн жолукту. Блейк Өзбекстанга 2014-жылы Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийинки Вашингтон-Ташкен мамилесин сүйөшкөнү келген. Анын Өзбекстандагы визити төрт күнгө мерчемделгени түрдүү имиш-имиштерди жаратууда. Себеби, Блейк Казакстандын коммерциялык борбору Алматыда болуп, Кыргызстанда болчу сапарын октябрга жылдырган.

Орусия менен Казакстандын кээ бир маалымат булактары АКШ Мамкатчысынын найыбы Өзбекстандын базаларына америкалык аскерлерди жайгаштыруунун амалын издеп, Ташкенге барды деп боолгошту. Өзбек өкмөттүк телеканалынын билдиришинче, Блэйк жана Каримовдун кездешүүсүндө “Ооганстанды кайра куруунун жолу гана талкууланган”.

XS
SM
MD
LG