Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Ооганстан: Авиакырсык АКШнын 7 аскерин жалмады


Бейшемби күнү Ооганстандын түштүгүндө тикучар кулап, 11 адам, анын ичинде чет элдик 7 аскер набыт болду. НАТО башындагы эл аралык коопсуздук күчтөрү - ISAFтин өкүлү- генерал Гюнтер Кац Эркин Ооганстан радиосуна:

- ISAFтин тикучары бүгүн Кандагар провинциясында кыйроого учурады. Анын натыйжасында, АКШнын жети жоокери, Ооган коопсуздук күчтөрүнүн үч мүчөсү жана ооган тилмеч өлдү. Окуя тергелүүдө, - деп билдирди.

Талиптердин өкүлү тикучарды алар атып түшүргөнүн “Азаттыкка” кат жүзүндө билдирди. Бейтарап булактар бул маалыматты ырасташа элек. Талиптер былтыр августта Кабылдын четинде АКШлык тикучарды уруп түшүргөндө 30 америкалык жана сегиз ооган оопат болгон.

XS
SM
MD
LG