Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Караколдо алгачкы жайкы фестивал башталат


Бүгүн Каракол шаарындагы борбордук аянтта “Каракол-2012” деп аталган алгачкы жайкы фестивал өтөт. Уюштуруучулардын бири Алина Кадырова “Азаттыкка” кабарлагандай, фестивалда шаар тургундарына арналган концерт жана жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган жармаңке уюштурулат. Мындан тышкары ашлямфу тамагын жасаган жана бул тамакты сүйүчүүлөр арасында атайын сынак өтөт. Ошондой эле райондордон келген мүнүшкөрлөр “Бүркүт-шоу” бөлүгүндө өз өнөрлөрүн көргөзөт.

Фестивалды жаштар топтору өздөрү утуп алган гранттын негизинде өткөрүп жатышат. Иш-чара аймакта туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү колдоо, элге жакшы маанай тартуулоону максат кылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG