Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Бишкек мектептеринде окуучулар 1,5 эсе көптүк кылууда


Бишкек шаарындагы мектептерде белгиленгенден бир жарым эсе көп окуучу окуйт. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, борбор калаадагы мектептер 70 миңдин тегерегинде окуучуга ылайыкташкан. Быйылкы маалымат боюнча Бишкектеги окуучулардын саны 100 миңден ашууда. Мэрия окуучулар мектепке эч кандай сынаксыз, акчалай төлөмдөрсүз алынарын эскертүүдө.

Бишкекте шаар бийлигине баш ийген 94 мектеп, 79 бала бакча жана 6 мектептен тышкаркы мекеме бар. Аларда иштегендердин жалпы саны жети миңдин тегерегинде. (KKs)

XS
SM
MD
LG