Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Москвада Рussy Riot тобунун камактагы 3 кызына сот өкүм чыгарат


Орусиянын гана эмес чет өлкөлөдүн назарын бурган Pussy Riot тобунун кыздары Мария Алехина, Надежда Толоконникова менен Екатерина Самуцевич Москванын Христ Сактоочу храмында диний-саясий маанидеги "Жараткан Путинди жолотпо" деп ырдап, акция уюштургандан кийин камакка алынган. Прокурор кыздарды 3 жылга эркинен ажыратууну, адвокаттар актоону суранууда. Айыпталгандар аларга каршы козголгон иш саясий мүнөздө экенин айтып келишет.

Президент Путин Лондонго барганда журналисттер бул кыздар кандай жаза тартаарын сураганда, “Андай иш үчүн катаал жазалоонун кереги жок. Алар өздөрү жыйынтык чыгарышат деп ойлойм. Кандай болсо дагы акыркы чечим соттуку”, деп жоо берген.

Өкүм Москванын Хамовническ сотунда түштөн кийин угузулат. Интернет түйүндөрүндо кыздарды колдоп миңден ашуун киши сот имаратынын алдына чогулаары, алардын катарында таанымал саясатчылар, коомдук жана маданият ишмерлери болоору дагы айтылууда.

Pussy Riot тобун коргоо акциялары Орусиянын ондогон шаарларында, Нью-Йорк, Лондон, Париж, Вильнюс, Прагада өтөт.

Камактагы кыздарга Мадонна, Стинг, Пол Маккартни сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар тилектештик билдиришти.

XS
SM
MD
LG