Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:59

Аксыда кармалган өзбек чек арачы мекенине кайтарылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара аскерлиги 16-августта Жалал-Абаддын Аксы районундагы Торук айылындагы кыргыз-өзбек чек арасынан 100 метрдей өтүп кеткенде кармалган өзбек чек арасы мекенине кайтарылганын бүгүн кабарлады.

16-августта аталган райондун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылында жүргөн өзбек чек арачысын жергиликтүү тургундардын жардамы менен кыргыз чек арачылары кармап алган. Анын жанында курал-жарагы да болгон.

Учурда бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек арачылары иликтөө жүргүзүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG